Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:42

Парламент жаш кыздардын чет өлкөгө чыгышын чектөө боюнча токтом кабыл алды


Бул токтомду жыйынга катышкан 98 депутаттын 59у колдоду. Токтомдун негизинде өкмөткө демографиялык жана миграциялык саясат боюнча атайын стратегия кабыл алуу, чет өлкөгө иш издеп чыгып жаткан жаштарды Кыргызстанда кесиптик атайын даярдыктан өткөрүү, чет өлкөгө чыгып жарандарды консулдук каттоого алуу, чет өлкөгө жумуш издеп чыгып жаткан жаш кыздардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүү боюнча атайын мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргызстанда чет өлкөгө жумуш таап берген фирмалардын жоопкерчилигин кароо боюнча тапшырмасы берилди.

Токтомдун демилгечиси болгон депутат Ыргал Кадыралиева бул аркылуу миңдеген кыздарды эмгек жана сексуалдык кулчулуктан, алдамчылардын колуна түшүп калуудан коргой тургандыгын билдирүүдө. Анын айтымында, буга чейинки долбоордо кыздардын жашы 22 жашка чейин деген чектөө бар болчу. Бирок көптөгөн талкуулардан соң бул чектөө алынды.

Буга чейин бир катар укук коргоочу жана эл аралык уюмдар - мындай демилге адам укугун чектеп, Башмыйзамга каршы келет деп билдирүү тараткан.(BkA)

XS
SM
MD
LG