Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

Акыйкатчы боюнча комиссиянын отчету кийинки аптада каралат


Бул тууралуу аталган комиссиянын мүчөсү, депутат Абдыжапар Бегматов кабарлады. Анын айтымында, ар бир фракциядан экиден депутат кирген комиссия акыйкатчы Турсунбек Акундун ишмердүүлүгүн текшеришүүдө. Алгач комиссиянын корутундусун ушул жумада парламентке алып чыгуу каралган. Бирок акыйкатчынын суранычы менен кийинки аптадагы парламент жыйынында анын отчету каралган соң, корутунду сунушталмак болууда.

Жогорку Кеңеш акыйкатчыны "мыйзамдагы ууру" саналган Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошоп кетишине тиешеси бар деп кызматтан алууну сунуштаган. Мындан улам парламент депутаттары Турсунбек Акундун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссия түзгөн. Акун өзүнө коюлган дооматты четке кагып, аны кызматтан алуу тууралуу мыйзамсыз чечим кабыл алынганын билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG