Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Түркмөн парламентине бийлик партиясына кирбеген талапкер шайланды


Түркмөнстанда өлкө көз карандысыздык алгандан бери биринчи жолу парламентке бийлик партиясына кирбеген талапкер депутат болуп шайланды. Кечээ жакында түзүлгөн "Өнөр жайчылар жана ишкерлер" партиясынын мүчөсү Овесмамед Мамедов өлкөнүн чыгышындагы Лебап вилаятында өткөн кошумча шайлоодо мыйзам чыгаруу органына өттү. Ал шайлоодо жалпы жонунан беш бош орун боюнча добуш берүү болгон.

Сырт байкоочулардын болжолунда, аталган партия көз карандысыз болбогондуктан, Мамедовдун шайланышы демократиялык өзгөрүштөн кабар бербейт. Түркмөн парламентинин мурдагы депутаты, учурда Швецияда сүргүндө жашаган Халмурад Сүйүнов "Азаттыкка" өз алдынча ойлонгон адам түркмөн парламентине өтө албай тургандыгын билдирди:

Канча партия бар экендиги маанилүү эмес. Анткени өлкөдө эркиндиктер камсыздалган эмес. Партияларды бийлик түзүп, өзү көзөмөлдөйт.

Түркмөнстанда СССР кыйраган 1991-жылдан бери бир гана Демократиялык партия каттоодон өткөн. Демпартия мурдагы Коммунисттик партиянын негизинде түзүлгөн. Президент Гурбангулы Бердимухаммедов көп партиялуу система керектигин айткандан кийин, "Өнөр жайчылар жана ишкерлер" партиясы каттоодон өткөн эле.

XS
SM
MD
LG