Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:59

Путин: Сириядагы кан төгүүгө эки тарап тең күнөөлүү


Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Лондондо, Чоң сегиздиктин жыйынынын алдында, Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон менен жолугушуудан кийин билдирди. Тараптар Сириядагы окуяга эки башка баа берди.

Путин Орусия Сириянын мыйзамдуу бийлигине эл аралык укутун чегинде курал жөнөтүп жатканын, эч кандай укуктук норма бузулбаганын айтты. Кэмерон президент Башар Асад кеткенде гана кан төгүү токтойт деп билдирди. Бирок позициялардагы мындай ажырымга карабастан Лондон менен Москванын Дамасктагы кан төгүүнү токтотуу ниети бир экенин белгиледи.

Өткөн аптада АКШ - Башар Асаддын режими химиялык курал колдонгон, анын айынан 150дөй киши ажал тапкан деп билдирген. Сирия оппозициясына аскерий жардам көрсөтүлөрүн маалымдаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG