Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

USAID Ошко жардамын улантат


АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Ош шаарында жергиликтүү долбоорлорун уланта берет. Бул тууралуу АКШ элчиси Памела Спратлен бүгүн Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов менен жолугушууда билдирди.

Мырзакматов Июн коогасын уюштургандарды таап жазалоого АКШ элчилигин жардам көрсөтүүгө чакырды. Элчи Памела Спратлен мэрия менен иштешүү мындан ары да уланаарын белгиледи.

Памела Спратлен Ошко эки күндүк иш сапарга келди. USAID Оштогу социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү жоюу жаатындагы түрдүү долбоорлорго каржылык көмөк көрсөтүп келет. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG