Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:33

Тогуз-Торого да кар жаады


Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунун бийик тоолуу жайыттарына жана Дөдөмал, Кош-Булак айылдарына өткөн түнү кар жаады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, жааган кардын калыңдыгы16-18 сантиметрге жеткен. Учурда райондун жарандык коргонуу комиссиясы жайыттардагы малдын өлүмү жана кар басып калган айдоо аянттары боюнча тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча адам өмүрүнө зыян тийген жок.

Өткөн түнү Нарындагы Соң-Көл жайлоосуна 50 сантиметрлик кар жааган. Башка тоолуу аймактарга да 10 сантиметрден жогору кар түшкөн. (RK)

XS
SM
MD
LG