Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Пакистанда жанкечти 27 адамдын өмүрүнө зобун кылды


Пакистандын Хайбер-Пахтунква провинциясында жарылган бомба кеминде 27 адамдын өмүрүн алды. Алардын арасында провинциалдык парламенттин жаңы шайланган мүчөсү Имран хан Мохманд да бар.

Бутага көз карандысыз депутат Имран хан Мохмад алынган болушу мүмкүн деп боолгонууда. Жанкечти бомбаны Шергарг кыштагынын эли тажияга чогулуп турганда жардырган. Бул 11-майдагы жалпы элдик шайлоонун жыйынтыгы боюнча, Хайбер-Пахтунква провинциясында жаңы өкмөт түзүлгөндөн берки эң кандуу булоон болду. Эч бир уюм бомба чабуулу үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

XS
SM
MD
LG