Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

Самара: ок-дары кампаларында жарылуулар болду


Орусиянын Самара облусунда Нагорный айылында аскер полигонундагы кампаларда ок-дарылар жарылып жатат. Чукул кырдаалдар министрлиги аймакка өзгөчө абал жарыяланганын кабарлады. Маалыматка караганда, ок-дарыларды зыянсыз жок кылуу маалында техникалык мүчүлүштүк кеткен. Жарылуулардын учкуну бир топ жерге чейин чачырап, өрт өчүргүчтөр полигонго жакындай албай жатат. Анда канча адам бар экени да белгисиз.

Жарылуунун айынан 10дон ашык адам ооруканага кайрылды. Окуя болгон жерге жакын айылдардан 6 миңден ашуун адам эвакуацияланды.

Орусияда буга чейин да полигондордо кампалардагы ок-дарылар жарылган учурлар болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG