Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

Карамушкина: Акталган үч депутат Атамбаевге рахмат айтсын


"Соттон акталып чыккан үч депутат биринчи кезекте президент Алмазбек Атамбаевге рахмат айтсын, себеби ал судьяларга басым жасабагандыктан ушундай өкүм чыкты", - деди парламент жыйынында депутат Ирина Карамушкина. Ал мындай окуя Бакиевдин тушунда болсо депутаттар кеминде 20 жылга кесилмек деген оюн айтты.

Былтыр октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен оппозициялык "Ата-Журт" партиясынын үч депутаты - Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов райондук соттон 1-1,5 жылга кесилген. Бирок шаардык сот бул өкүмдү жокко чыгарып, үчөөнү тең актап, 17-июнда бошоткон. (RK)

XS
SM
MD
LG