Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

Жогорку Сот: Депутаттарды актаган судьялардын кайда экени белгисиз


"Ата-Журт" фракциясынын үч депутатын актап чыгарган Бишкек шаардык сотунун судьялары К.Зулушев, М.Сатыев жана С.Бранчаеванын азыр каякта экени белгисиз. Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошеванын айтымында, аталган судьялар кечээтен бери ишке чыга элек, телефондору өчүрүлгөн.

Токтошеванын билдиргенине караганда, судья Зулушевдин Сокулуктагы үйүнө белгисиз бирөөлөр барып анын инисин сабады деген кеп боюнча да эч маалымат жок.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Зулушевдин инисин эч ким сабаган жок. Бирок анын дарбазасында "Сен саткын судьясың" деген жазуу пайда болгону чын. Учурда бул боюнча териштирүү жүрүп жатат.

Бүгүн парламент жыйынында депутат Жылдыз Жолдошева "атажуртчу" депутаттарды актаган судьяларды коркутуп-үркүтүү болуп жатканын билдирген. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG