Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Качкындар боюнча долбоор даярдалып жатат


Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын башкармасынын өкүлү Айнагүл Абдрахманова долбоорду даярдоо үчүн жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди. Анда качкындар агымы көбөйүп кеткен чукул кырдаалда кандай чаралар көрүлүшү керектиги так белгиленмекчи. Абдрахманованын айтымында, ар бир өлкөдө ушундай даяр план болушу зарыл.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда учурда 430дан ашык качкын бар. Дагы 300гө жакын адам башпаанек сураган. Качкындардын басымдуу бөлүгү Ооганстандан. Калгандары Сирия, Кытай, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн жарандары болуп саналат.

Дүйнө жүзүндө учул тушта 10 миллионго жакын качкын бар. Алардын 46 пайызын 18 жашка чейинкилер түзөт. Бүгүн, 20-июнь качкындардын бүткүл дүйнөлүк күнү. (EBM)

XS
SM
MD
LG