Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Баткен: Кызыл-Кыя – Кадамжай унаа жолу буулду


Ушу тапта Баткендин Кадамжай районуна караштуу Гүлпиян айылында нааразылык акциясы өтүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткендин тургуну Мусабай Момуналиев кабарлады. Анын айтымында, эки жүздөй киши Кызыл-Кыя – Кадамжай унаа жолун бууп турат. Митингчилер түндө кыргызстандык жаранды өлтүрүп салган өзбек чек арачыларын жазалоону талап кылууда.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, окуя Баткенде Айдаркен чек ара отрядына караштуу “Марказ” чек ара туругундагы Гүлпиян аймагында түнкү саат 12лерде болду. Кадамжайдын Сарыбай айылынын бир тургуну менен өзбек чек арачылары ортосунда араздашуу болуп, өзбек чек арачылары кыргыз жаранын атып салды. Себеби азырынча такатала элек. (RK)

XS
SM
MD
LG