Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

Москва-Гавана каттамындагы учакта Сноуден жок болушу ыктымал


Ичинде Борбордук чалгын башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден бар болушу мүмкүн делген "Аэрофлот" авиакомпаниясына тийиштүү учак Москвадан Кубага учуп кетти. Учак Гаванага 25-июнь күнү Москва убактысы боюнча үчтө конот. Бул рейске билет сатып алган журналисттер учактын ичинде Сноуден жок экенин кабарлашууда.

Эквадордун Орусиядагы элчиси жекшемби ккүнү Сноуден менен жолукту. Эквадордун тышкы иштер министри Рикардо Патино буга чейин анын өлкөсүнүн өкмөтү Сноудендин башпаанек боюнча арызын “анализдеп” жатканын билдирген.

Июнь айынын башында Борбордук чалгын башкармалыгынын мурдагы кызматкери америкалык атайын кызматтардын жарандардын телефонун тыңшаган жашыруун программалары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарган. Мындан кийин АКШ Сноуден жашырып жүргөн Гонконгдун бийликтеринен аны өткөрүп берүүнү талап кылган. Гонконг болсо андан баш тарткан. Сноуден АКШга өткөрүлсө, өз аракети үчүн 10 жылдан ашык мөөнөткө кесилиши мүмкүн. (AiK)

XS
SM
MD
LG