Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Өзбек элчилигинин алдында Исмаиловага байланыштуу пикет өтүүдө


Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында ушу тапта нааразылык акциясы өтүүдө. Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров кечээ Ташкенттин аба майданында кармалган кыргызстандык укук коргоочу Төлөкан Исмаилованын тез арада коё берилишин талап кылууда. Ошону менен катар ал өткөн аптада баштаган кыргыз-өзбек чек арасында кыргызстандык жаранды өзбек чек арачылары атып өлтүргөнүнө байланыштуу маркумдун үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүү талабын да улантууда. Токтонасыровдун айтымында, азырынча элчилик тараптан анын нааразылык акциясына эч реакция боло элек.

Төлөкан Исмаилова өзбекстандык өнөктөштөрү менен жолугуу үчүн Ташкентке кечээ кечинде учуп барган. Ошондон бери аны аба майданынан чыгарбай кармап турушат.

Өткөн аптада Баткендин Кадамжайында кыргызстандык Бакыт Тагаевди өзбек чек арачылары атып өлтүргөн. Өзбек тарап чыр Өзбекстандын аймагында мыйзам бузуудан келип чыккан деп жатат. Бирок кыргыз тараптын расмий билдирүүлөрүндө Тагаев өз жеринде, чек арадан 500 метр ичкери аймакта өлтүрүлгөнү айтылууда. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG