Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:53

Кабул: президенттик сарайга чабуулдун мизи кайтарылды


Ооганстанда коопсуздук күчтөрү президенттик Ак сарайга чабуул жасагандардын баарын атып өлтүрдү. Кабулдун полиция башчысынын орун басары Дауд Аминдин сөзү боюнча, НАТОнун тамгасы басылган эки унаа ичиндеги кишилери менен Ак сарайдын алдына келген. Кароол алгач биринчи унааны өткөргөндөн кийин ок атылып, машиналардын бири жарылган. Кол салуу президент Хамид Карзай пресс-конференция өткөргөнү жатканда орун алды. Ооган өкүлдөрүнүн маалымдашынча, кол салган төрт киши менен катар, президенттик гвардиянын үч мүчөсү окко учту. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Талибан" кыймылы өзүнө алды. Ал арада түштүктөгү Кандагарда тойго бараткан мини-бус жардырылып, бир үй-бүлөдөн тогуз кишинин өмүрү кыйылды. Бул жардырууну ким уюштурганы белгисиз.

XS
SM
MD
LG