Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:13

Сагымбаева: Кыргызстанда балдардын өлүмү азайып баратат


Кыргызстанда балдар өлүмү азайып баратат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Министр Динара Сагымбаеванын айтымында, 1990-2010-жылдар аралыгында беш жашка чейинки балдар арасында бул кооптуу көрсөткүч жылына үч пайызга төмөндөгөнү байкалган.

Балдардын ден соолугун бекемдөө, жакшы дарылоо, аларды катуу оорулардан сактоо маселелери эртең көл жээгинде өтө турган эл аралык жыйында талкууланганы жатат. Кыргызстандык педиатрлар казак, орус, түрк, азербайжан, тажик, литвалык жана түркмөн кесиптештери менен бирге "Педиатриянын жана балдар хирургиясынын актуалдуу көйгөйлөрү" деген темада пикир алмашат. Иш-чараны Түркияда түзүлгөн Евроазия педиатрлар конгресси уюштурууда. (RK)

XS
SM
MD
LG