Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:49

Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин абалы талкууланат


Бүгүн Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүндөгү сөз эркиндигинин абалын талкуулаган эл аралык конференция башталат. Аны Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурууда.

Аталган уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн маалымат каражаттары боюнча кеңешчиси Бурул Усманалиеванын “Азаттыкка” кабарлашынча, конференцияда акыркы 15 жылда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү сөз эркиндигин абалы, журналисттердин коопсуздугуна байланышкан көйгөйлөр талкууланат. Ага ЕККУнун ММКлардын эркиндиги боюнча өкүлү Дунья Миятович баштаган алты өлкөдөн келген жүздөн ашык журналист, жарандык активисттер, окумуштуулар, ар кыл эл аралык уюм жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышат.

Конференция эки күнгө созулат. Эртең азыркы доордогу маалымат каражаттарынын ролу боюнча мастер-класс өтөт.(BkA)

XS
SM
MD
LG