Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

Обама Сноуденди АКШга кайтаруу үчүн соодалашпайт


АКШ президенти Барак Обама чалгын кызматында иштеп кеткен Эдвард Сноуденди мекенине өткөрүп алуу үчүн соодалашууга барбай турганын билдирди. Бул тууралуу Сенегалда сүйлөгөн Обама Сноуденди АКШга алып келүү үчүн аскер-аба күчтөрүнүн учактары колдонулбасын да эскертти.

Жекшембиде Гонконгдон учуп чыккан Сноуден учурда Москвадагы “Шереметьево” аба майданынын транзиттик аймагында турат. Ага өз мекенинде америкалык атайын кызматтардын жарандардын телефонун тыңшаган жашыруун программалары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарганы үчүн издөө жарыяланган. Анын мындан ары кайда бараары да азырынча белгисиз. Буга чейин Сноуденге саясий башпаанек берет делген Эквадордун бийликтери бул маселе чечиле электигин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG