Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

Ооганстандын чыгышында 13 талип өлтүрүлдү


Андар районунун акими Касем Десивал “Азаттыктын” ооган кызматына айтканына караганда, операцияда дагы төрт талип жарадар болгон. Бул аймакта ооган күчтөрүнүн атайын операциясы эки күн мурда башталган эле.

Ооган армиясы атышууларда өзүнүн аскерлеринен да, жайкын тургундардан да эч ким жабыркабаганын айтышты. Бирок "Талибандын" расмий өкүлү эки полисмен Андарда жолго коюлган бомба жарылуусунан өлгөнүн кабарлап жатат.

XS
SM
MD
LG