Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

Аксыда селдин чыгымдары эсептелүүдө


Жалал-Абаддын Аксы районунда кечээги селден канча мал акканы, канча үй жана электр зымы жабыркаганы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан эсептелип жатат. Тосулуп калган Кербен – Таш-Көмүр жолу толугу менен ачылды. Электр зымдары аварияга учураган жерлерде жарык берилди. Бул тууралуу Аксынын акими Медет Айдаралиев билдирди.

Анын маалыматында, бир нече үйлөргө суу кирген, 20 гектардай эгин талаасы жабыркаган. Бүгүн кечке чейин чыгым эсептелип бүтөт.

Республика боюнча сел коркунучу дале сакталууда. Суунун көлөмү көбөйгөндүктөн тоолуу райондордо көпүрө, жолдор кооптуу абалда турат. (AKu)

XS
SM
MD
LG