Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Түштүк Кореяда антипхеняндык баракчалар абага учурулган жок


Түштүк Кореянын полициясы жергиликтүү активисттердин антипхеняндык сөздөр жазылган баракчаларды аба шары менен таратуусуна жол берген жок. Алар коммунисттик Кореянын жетекчилигин сындаган 200 миң баракчаны газ толтурулган баллондорго жүктөп, чек арадагы Пхаджу шаарынан Түндүк Кореяны көздөй койо бергени жатышкан. Бирок Түндүк Кореянын армиясы баракчалар жүктөлгөн шарларлар абага көтөрүлөр замат атып түшүрүлөт деп эскерткенден соң Түштүк Кореянын полициясы пропагандалык жөрөлгөнү токтоттуруп койду.

Түндүк кореялык качкын жана активист Пак Сэн Хак: "Баракчалар түндүк кореялыктарга чындыкты жана фактыларды жеткирмек. Өкмөт зыянсыз баракчаларды таркатууга жол берген жок. Түштүк кореялыктардын эң маанилүү укугун ,эркиндигин минтип бууп сала албайсыңар", - дейт.

Түштүк кореялык активисттер Түндүк Кореядагы авторитардык бийликти сындаган баракчаларды каршы тарапка жөнөтүү үчүн газ толтурулган шарларды көп колдонушат.

XS
SM
MD
LG