Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Жалал-Абад селден тазаланууда


Облуска караштуу Таш-Көмүр шаарында 30-июнда саат 21:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Токтогул көчөсүндө жол каттам кыйынчылыкка учураган.

Жолду тазалоо иштерине “Асылкен” ишканасынан 1 техника жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Таш-Көмүр шаардык №2 издөө-куткаруу отрядынын 10 кызматкери тартылып, саат он бирден кийин жол каттам ачылды. Андан эки күн мурун нөшөрлөп жааган жаандын айынан шаарга караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында 2 кабаттуу 2 турак үйдүн короосун сел каптап, эки батирге суу кирген. Жергиликтүү тургундар тарабынан кечээ тазалоо иштери аяктады.

Ноокен районунда 21-25-майдагы катуу жааган жаандан Сары-Камыш колотунан сел агып, Бишкек-Ош унаа жолунун 457-чакырымындагы жол астына коюлган суу түтүк толуп калган.

28-июнь күнү бешим ченде ал жерде суунун деңгээли 2,5-3 метрге чейин көтөрүлүп, унаа жолду каптаган. Калыбына келтирүү иштерине ЖЭМ-38ден 1 экскаватор, 1 кран жана 1 жүктөгүч тартылып, унаа жол бир тарапка ачылды, жумуш улантылууда. Бул тууралуу 1-июлда өзгөчө кырдаал министрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекилов билдирди.(YA)

XS
SM
MD
LG