Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:30

Өзбекстан менен чек араны тактоо боюнча сүйлөшүү үзгүлтүккө учурады


Баткендин Гүлпиян айылындагы окуядан соң Өзбекстан менен чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр токтоп калды.

Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн чек ара аймактарын өнүктүрүү жана чек араларды тактоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” маегинде билдирди. Анын айтымында, Өзбекстандын тиешелүү органдары менен чек араны тактоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр 24-июнда Ош шаарында өтмөк. Бирок 19-июндагы кыргыз-өзбек чек арасындагы окуядан соң, өзбекстандык делегация бул сүйлөшүүлөргө келүүдөн баш тарткан. Учурда сүйлөшүүлөрдүн качан жанданаары белгисиз бойдон калууда.

19-июнда Баткендин Гүлпиян айылында Өзбекстандын чек арачылары 37 жаштагы Бакыт Тагаевди атып өлтүргөн. Буга нааразы болгон Кыргызстан Өзбекстанга нота жиберген. Бирок өзбек тарап бул окуяда чек арачынын күнөөсү жок деп, окуяны биргеликте иликтөөгө макул болгон жок.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым, анын 320 чакырымы толук тактала элек.(BkA)

XS
SM
MD
LG