Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Бишкек-Каракол жолу ачылды


Бирок жол бууганы чыккандар тарашкан жок деп билдирди Ысык-Көл районунун акими Райымбек Имангазиев. Анын айтуусунда жол буугандар бир саат убакыт берип, бул аралыкта Бишкек ШИИБ тарабынан кармалган төрт жигитти бошотууну талап кылышууда.

Маалыматтарга ылайык 1-июлга караган түнү Ысык-Көлдө топ жигиттер милицияга кол салышкан. Аларды 2-июлда Бишкекте шаардык ИИБнын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери кармап, камакка алышкан. Бишкек ШИИБнын маалыматы боюнча кармалгандар 27 жаштагы Кайрат, 20 жаштагы Жыргал, Данияр жана 23 жаштагы Эльдияр аттуу жигиттер болгон.(ZKo/MK)

XS
SM
MD
LG