Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Кыргызстандын Бажы биримдигиндеги келечеги талкууланат


Бүгүн Бишкекте Евразия экономикалык кеңеши Кыргызстандын Бажы биримдигине киришинин пайдасы менен зыяны боюнча семинар уюштурат. Семинар Экономика министрлигинде өтөт. Аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашынча, анда Бажы биримдигине кирген соң өлкөнүн экономикасындагы ар кыл тармактарындагы өзгөрүүлөр боюнча сөз болмокчу.

Бажы Биримдигине учурда Орусия, Беларус жана Казакстан мүчө. Кыргыз бийликтери бул уюмга кирүүгө даярдыгын билдирип, ушул жылдын аягына чейин даярданууга убакыт сураган. Бирок коомчулукта Кыргызстан бул уюмга кирсе, баалар көтөрүлүп, Кытайдан алып-сатуу менен алектеген миңдеген жарандар жабыр тартат деген пикирлер күч.(BkA)

XS
SM
MD
LG