Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

ТИМ: Египетте жабыркаган кыргызстандыктар жок


Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчилиги Египеттеги кыргыз диаспоралары менен байланышып, ал-акыбалын сурап турат. Диаспора лидерлери Египеттеги массалык митингдерге катышкан же алардан жабыркаган мекендештер жок экенин тастыкташкан.
Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык жарандардан ал жактагы саясий кырдаалга байланыштуу Египетке барууну токтото турууну өтүнгөн.

Египетте бир нече күнгө созулган массалык митингдердин натыйжасында аскерий жетекчилик президент Мухаммед Мурсинин бийлигин кулаткан. “Мусулман агайындар” башында турган исламчыл кыймылдар болсо бүгүн президент Мухаммед Мурсини бийликтен оодарган “аскердик төңкөрүшкө” каршы демонстрацияга чыгарын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG