Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:20

Эдвард Сноуденге Венесуэла менен Никарагуа башпаанек сунуш кылышты


Николас Мадуро
Николас Мадуро

Венесуэланын президенти Николас Мадуро Сноуденге “гуманитардык” башпаанек сунуштаарын айтты. Муну Мадуро Сноуденди АКШнын кодулоолорунан куткаруу үчүн айтып жатканын билдирди.

"Мен биз менен достук мамиледеги өкмөттөргө жарыя кылам: биз ааламдагы эң таасирдүү империалисттин бул жигитке каршы баштаган кодулоолорунан аны коргоп калыш үчүн ага гуманитардык башпаанек сунуш кылабыз. Бул бала чындыкты айтканы үчүн гана кысмактоолорго кабылууда", - деди Мадуро.

Жума күнү Никарагуанын президенти Даниэл Ортего да “эгер жагдай туура келсе”, Сноуденге башпаанек бермекпиз деди. Анын айтымында, Сноуден Никарагуанын Москвадагы элчилигине башкалка сураган арызын тапшырды.

АКШда паспорту жараксыз деп табылган Эдвард Сноуден эки аптадан бери “Шереметьево” аэропортунда кармалууда деп айтылып жатат. WikiLeaks уюму Сноуден азыр алты өлкөгө башпаанек сурап кайрылганын кабарлады. Кошмо Штаттарында аны Чалгын кызматтарынын жашыруун маалыматын ачыкка чыгарганы үчүн айыптап жатышат.

XS
SM
MD
LG