Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:52

Ысык-Көлдө сел жүрдү


Ысык-Көл облусунун Түп районун Ой-Тал айылында жана Ак-Суу районунун аймагында кечээ кечинде нөшөрлөгөн жамгыр жаап, сел жүрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, селден аталган аймактардагы бир нече үй жабыркап, айдоо аянттары жуулган. Алдын-ала маалыматтар боюнча, адам өмүрүнө зыян келген жок. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери кырсыктын кесепетин аныктоо иштерин жеринде жүргүзүп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG