Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

Москва полициясы кармаган 12 кыргызстандык мекенине жөнөтүлөт


Москва полициясынын Чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборунда камакта жаткан 12 кыргызстандык элчилик аркылуу мекенине жөнөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди. Анын айтымында, учурда аталган борбордо 71 кыргызстандык бар. Алардын жетөө - кыз-келиндер. 12синин паспорту жок болгондуктан аларды Орусиядан административдик негизде чыгаруу тууралуу сот чечими чыккан.

Элчиликтин кызматкерлери бул борбордо жаткан кыргызстандыктар менен жолугуп, алы-абалы, жашоо шарты менен таанышты.

Жыл башынан бери элчилик түрдүү себептер менен полицияга түшүп калган 243 кыргызстандык жарандын мекенине кайтышына көмөк көрсөткөн. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG