Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:34

Беблеви Египет өкмөтүн түзүүгө аракет кылууда


Египеттин утурумдук премьер-министри Хазем Беблеви бүгүн жаңы өкмөттү түзүү максатында либералдуу саясий лидерлер менен жолукмакчы.

Президент Мурсини элдик нааразылыктан улам армия 4-июлда бийликтен оодарган. Утурумдук президент Адли Мансур кечээ Беблевини өкмөт башчы, МАГАТЭнин экс-директору Мухаммед Барадейди тышкы саясат боюнча вице-президент кылып бекиткен.

Беблеви өкмөткө “Мусулман агайындар” кыймылын да чакырары айтылууда. Бирок алар “путчисттер” менен сүйлөшпөсүн билдирди. Египеттин башкы прокурору бүгүн “Мусулман агайындардын” руханий башчысын жана тогуз мүчөсүн Республикачыл гвардиячылардын казармасы алдында болгон коогалаңга байланыштуу камакка алууну буйруду. Аскерлер менен дүйшөмбү күнү болгон кагылышта "Мусулман агайындардын" 51 жактоочусу набыт болуп, 430дан ашуун адам жараат алган.

XS
SM
MD
LG