Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

Кытайлык кыргыздар Кыргызстанда саякаттап жүрөт


Кытайдын Синцзян-Уйгур автоном районунун 59 кыргыз тургуну 10-июлда Жалал-Абаддын курортун көрдү. Ага чейин алар Оштун Алай, Өзгөн райондорун кыдырып, Сулайман тоого барган. Кытайлык кыргыздардын Кыргызстандагы он эки күндүк саякатын уюштурган эл аралык «Мундуз турист» компаниясынын жетекчиси Умаржан Есиддинов мындан ары саякатчылар Арстанбап, Сары-Челекке бараарын, Таласта Манастын күмбөзүнө зыярат кылып, андан кийин Ысык-Көл менен Нарында болоорун билдирди.

Кытай кыргыздарынын саякаты Кыргызстандын Маданият жана туризм министрлигинин быйыл Шанхай эл аралык жарманкесинде түзүлгөн келишимине ылайык эки өлкөнүн маданий кызматташтыгын, достук мамилелерин чыңдоо максатын көздөйт. Бул топтон кийин дагы эки-үч топ келет жана эмки жылы алардын саны 3 миңге жетиши мүмкүн. Есиддиновдун айтымында, СУАРда жашаган 22 миллион калктын 600 миңи кыргыздар. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG