Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:48

АКШ жана Евробиримдик Магнитскийге карата өкүмдү сындады


АКШ, Евробиримдик жана бир катар эл аралык уюмдар Орусиянын сотунун Hermitage Capital фондунун мурунку юристи, маркум Сергей Магнитскийди “айыптуу” деп чыгарган өкүмүн сындап чыкты. АКШнын мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Жен Псаки Вашингтондун бул өкүмдөн көңүлү калганын жана бул жараян адилеттүүлүк үчүн күрөшкөндөрдүн бардык аракеттерин жокко чыгараарын билдирди. Ал эми быйыл Евробиримдикке төрагалык кылып жаткан Литванын президенти Даля Грибаускайте өкүмдү “Орусиядагы адам укуктарынын бузулушунун деңгээлин көрсөттү” деп атады. Эл аралык укук коргоочу Amnesty International уюму Магнитскийдин көзү өткөн соң күнөөлүү деп табылышын "акылга сыйбаган чечим" деп баалаган.

Бейшембиде Москванын Тверь райондук соту британиялык Hermitage Capital фондунун юристи, маркум Сергей Магнитскийди салык төлөөдөн качканы үчүн “айыптуу” деп таап, ал эми аталган фонддун жетекчиси, британ жараны Уильям Браудерди сыртынан 9 жылга эркинен ажыратты.

Орусиялык жаран Сергей Магнитский 2009-жылы Москвадагы убактылуу кармоочу жайда көз жумган. Камакта отуруп саламаттыгы начарлап кеткенде тиешелүү жардам албагандыгы маалым болгон.

XS
SM
MD
LG