Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Сноуден Орусиядан башпаанек сураганы айтылууда


АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден менен кездешкен орусиялык адам укугун коргоочулардын жана адвокаттардын айтышынча, качкын Орусиядан башпаанек сураган. Алар 23-июнда Гонконгдон Москвага учуп келген Сноуден менен "Шереметьево" аэропортунун транзиттик бөлүгүндө кездешти.

Бул АКШнын жашыруун электрондук көзөмөлдөө программасын ашкере кылды деп мекенинде айыпталып жаткан Эдвард Сноудендин Москвага келгенден берки биринчи жолу ачыкка чыгышы. Ага чейин Венесуэла, Боливия жана Никарагуа саясий башпаанек сунуш кылган эле. Мурда Сноуден Орусиядан башпаанек сураганы кабарланган. Бирок президент Путин башпаанек алуу үчүн АКШнын жашыруун сырларын ачканды токтотуш керек дегенден кийин ал арызынан баш тартканын Орусиянын бийликтери кабарлаган.

XS
SM
MD
LG