Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

Путин: АКШ Сноуденди Орусияга камап койду


Орус президенти “АКШ башка өлкөлөргө кысым жасоо менен Сноуденди Москвадагы аэропортко камоодо” деп билдирди:

-Ал биздин аймакка чакыруусуз келди, аны биз чакырган эмеспиз. Ал бизге келаткан эмес, ал биздин аймак аркылуу башка өлкөлөргө учуп бараткан. Бирок ал абага көтөрүлөрү менен биздин америкалык өнөктөштөр анын андан аркы жолун бууп коюшту.

Путин бирок Орусия Сноуденге башпаанек берер-бербесин айткан жок. Сноуден өзүнө башпаанек берүүгө макул болгон Латын Америкасындагы үч өлкөнүн бирине кеткичекти Орусияда башкалка кылып туруу өтүнүчү менен кайрылды.

Орусия президенти мурдараак эгер Сноуден АКШ бийлигине каршы ишин токтотсо, ага саясий башпаанек берүүгө даяр экенин билдирген.

АКШнын жашыруун электрондук көзөмөлдөө программасын ашкере кылды деп мекенинде айыпталып жаткан Эдвард Сноуден акыркы үч жумадан бери Москвадагы “Шереметьево” аэропортунда турат.

XS
SM
MD
LG