Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Хабаровскиде Кыргызстандын жаңы консулу ишине киришти


Орусиядагы Кыргызстандын элчиси Болот Жунусов Приморский крайындагы жана Хабаровск шаарындагы Ардактуу консул Кадырбек Мырзабаевге кызматына байланыштуу милдеттерин жана укуктарын түшүндүрдү. Ошондой эле Кыргызстан менен аталган аймактын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгын арттыруу жөнүндө сөз болду. Орусиядагы кыргыз элчилигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, жаңы ишке киришип жаткан консулга аймактагы мекендештер менен тыгыз мамиледе болуунун мааниси, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселеси тууралуу да маалымат берилди.
Орусиянын Приморский крайында жана Хабаровск шаарында 12 миңден ашуун кыргызстандык жарандар иштеп, жашашат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG