Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:50

Таласта буулган сугат канал кайра ачылмай болду


Таласта казак тарапка кетчү сугат канал кайра ачылмай болду. Мындай чечим чек-ара боюнча элдик комиссияда кабыл алынганын "Азаттыкка" аталган комиссиянын мүчөсү, Таластын Көк-Сай айылынын тургуну Айткул Тайлаков билдирди.

7-июлдан бери Таластын Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылынын айрым тургундары Жамбылга кетчү сугат каналды бууп турат. Алар былтыр күзүндө эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери кабыл алган 2600 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашууга каршы чыгып, мурда Таласка караган жайыт жерлерди кайра алууну талап кылууда.

Айткул Тайлаковдун айтымында, бүгүн каналды бууп турган эл менен өкмөттүн облустагы өкүлү Койсун Курманалиева жолугуп, келерки аптада Чолпон-Ата шаарында кыргыз-казак чек ара сүйлөшүүлөрү өтөөрүн, көксайлыктардын талабы ошол жерде каралаарын айтканда каналды убактылуу ачуу чечими кабыл алынды:

- Ошону уккандан кийин сууну ачканга сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Бирок эки талабыбыз бар. Биринчиси - бир сутка ичинде биздин үлүш жерлерибизге өткөнгө тоскоолдук алынсын. Экинчиси - төрт күндүн ичинде эки өлкөнүн адистери демаркациялык мамычалар коюлуп жатканы туурабы, жокпу, аныктап берсин, - дейт Тайлаков.

Кечээ Бишкектеги казак элчилиги билдирүү таратып, каналдын буулуп турушун тартип бузуу деп атаган. Мунун өзү чек арадагы суу ресурстарын бирге пайдалануу келишимдерине жана эл аралык укук нормаларына карама-каршы келээрин билдирген.

Бул маселе кечээ кечинде "Азаттыктын" "Арай көз чарай" берүүсүндө да талкууланган болчу. Бирок калпыстык кетип, анда Таластагы Киров суу сактагычы буулуп турат деп айтылган. Ошого байланыштуу тактоо иретинде кеп Талас этегиндеги Көк-Сай айылында Казакстандын Жамбул облусуна кеткен сугат канал тууралуу болуп жатканын билдиребиз. (RK)

XS
SM
MD
LG