Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

АКШ элчилиги: Бакиевдин банктык эсептери боюнча кабарды тастыктай албайбыз


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Максим Бакиевдин банктык эсептери камалганы тууралуу маалыматты тастыктай албайт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" элчинин кеңешчиси Жоханна Фернандо билдирди.

Кечээ экономика министри Темир Сариев АКШда Максим Бакиевдин 74,4 миллион долларлык банктык эсептери камакка алынганын айткан. Азыр тергеп-иликтөө болуп жатканын, баарын далилдеп туруп, Кыргызстанга кайтарып алуу үчүн иштер жүрүп жатканын билдирген.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Кыргызстанда бир катар коррупциялык иштерди жасаган деп айыпталып, Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 25 жылга эркинен ажыратылган. Апрел окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткендиктен ал сыртынан соттолду. Учурда Максим Бакиев Британияда жашайт. (RK)

XS
SM
MD
LG