Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:25

Rolling Stone журналы Царнаевдин сүрөтүн биринчи бетке чыгармай болду


Rolling Stone журналынын август айында чыга турган санынын биринчи бетине АКШда теракт уюштурган деп соттолуп жаткан Жохар Царнаевдин сүрөтүн чыгаруу тууралуу чечими Америка Кошмо Штаттарында нааразылык жана каршылык жаратууда.

Аталган журнал өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына анонс берип, редактор Жанет Райтмандын макаласында "жакшы келечек күтүп турган Царнаев кантип монстрга айланганы" тууралуу баяндалаарын билдирген.

Миңдеген киши Facebook аркылуу нааразылыгын билдирип, АКШдагы ири соода түйүндөрү ал журналды сатыкка алып чыгуудан баш тартаарын айтты. Бостон шаарынын мэри Томас Менино журналдын редакциясына кат жолдоп, "Царнаевдин сүрөтүн биринчи бетке басып сиздер аны атактуулар статусуна көтөрүп жатасыздар" деп кабатырланды. Адатта Rolling Stone журналынын биринчи бетине рок-музыканттардын жана атактуу актерлордун сүрөтү чыгып турат.

Ал эми журнал өзүнө айтылган сынга байланыштуу "бул чечим журналистика эрежелерине да, маанилүү коомдук-саясый окуяларды терең ойлонуп, олутту чагылдыруу талаптарына да жооп берет" деп билдирди.

19-жаштагы Жохар Царнаев быйыл апрелде Бостон шаарында өтүп жаткан марафондо теракт уюштуруп үч кишини өлтүргөн деп соттолууда. Ал өзүн күнөөлүү эмес экенин айтып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG