Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

Министр Сагынбаева: Эпидемиологиялык абал бузулушу мүмкүн


Кыргызстанда айрым жарандар балдарын түрдүү жугуштуу оорулардан эмдөөдөн баш тартып жаткандыктан келечекте өлкөдө эпидемиологиялык абал бузулушу мүмкүн. Бул тууралуу Жалал-Абадда дарыгерлер менен жолугушууда саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева билдирди. Анын айтымында, түрдүү диний жана башка көз караштардан улам балдарын эмдетпей жаткан ата-энелер бар. Бул жагдай организми жугуштуу катуу ооруларга туруштук бере албаган балдардын муунун жаратууда.

Министр ошондой эле түрдүү табыптарга кайрылып оорусун ого бетер өөрчүтүп алган бейтаптар көбөйгөнүн, аларды кайра дарылоо оор болуп жатканын да айтты.

Динара Сагынбаева Жалал-Абадда иш сапарда болуп, облустагы медицинанын азыркы абалы, көйгөйлөрү менен таанышып келди. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG