Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:02

Кыргызстан менен Тажикстан аскерий машыгуу өткөрүүдө


Кыргызстанда Коргоо министрлигинин түштүк-батыш аймактык бөлүмүнүн командачылыгы менен Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскерий окуусу башталды. Ага кыргыз тараптан Коргоо министрлигинин оперативдүү тобу, миномет бөлүгү, абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учмалары жана башка аскердик бөлүктүн жоокерлери, Тажикстан тараптан десанттык-чабуул коюучу аскер бөлүгү катышууда. Окуу №01525 аскер бөлүгүнүн Баткен облусунун Бужум айылындагы машыгуу жайында өтүүдө. Анда эки өлкөнүн аскерлери өзгөчө оор шарттарда мыйзамсыз куралдуу күчтөрдү жок кылуу боюнча биргелешкен операция жүргүзүшөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Машыгуу 25-июлга чейин созулат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG