Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:29

Ошто жарандарга укукту үйрөткөн китеп таратылууда


"Өз укугуңду коргоону үйрөн" деп аталган китеп беш миң нускада чыгып, шаар тургундарына акысыз таратылып жатат. Китеп кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде «Бир дүйнө - Кыргызстан» укуктук кыймылы тарабынан даярдалган. Бул тууралуу аталган кыймылдын мүчөлөрү бүгүн Ошто өткөн маалымат жыйынында билдиришти.

Китепте бирөөнүн мыйзамсыз аракетинен жапа чеккен учурда, милиция же башка тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин кодулоосуна кабылганда, кыйноолорго дуушар болгондо аларга кантип жооп берип, кимге кайрылыш керектеги жөнүндө түшүндүрмөлөр берилген.

Андан сырткары кылмышка шектүү катары кармалган адамдын милдеттери жана укуктары жөнүндө көрсөтмөлөр жазылган. 30 барактан турган бул чакан китеп USAID'дин каржылык колдоосу менен жергиликтүү укук коргоочулар тарабынан даярдалган. Учурда дагы төрт миң нускада чыгаруу пландалууда.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" укуктук кыймылынын мүчөлөрү билдиргендей, жарандардын жетимиш пайыздан ашууну өз укугун коргоону билбейт. Бул тыянак Ош шаарынын жашоочуларынын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы менен чыгарылган. (SE)

XS
SM
MD
LG