Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:00

“Ал-Каида” Ирактагы түрмөлөргө чабуулду жасаганын билдирди


Эки түрмөгө чабуул жасалып, камактагы жүздөгөн адамдар качып кетишкен болчу. Алардын арасында “ал-Каиданын” жетекчилеринин тобуна кирген киши да болгон дешет. Уюмдун чабуул үчүн жоопкерчиликти алган билдирүүсү бүгүн анын Ирактагы жана Сириядагы топторунун сайттарында пайда болду. Анда айтылгандарга караганда, чабуул бир нече ай даярдалган.

Жекшембиде түнкүсүн Багдаддын түндүгүндөгү “Тажи”, батышындагы “Абу-Грейб” түрмөлөрүнө чабуул болуп, атышуулар бир нече саатка созулган. Террор уюму жанкечтилерин да, дүрмөттөлгөн машинелерин да жардырып, гранаталарды колдонду. Түрмөлөрдү кайтарган аскерлерден 25 адам өлдү. Жыйынтыгында бийликтер аларда кармалган 500дөй киши качканын айтышкан.

XS
SM
MD
LG