Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:22

Жети-Өгүздөгү жол кырсыгынан дагы бир адам каза болду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Насипбек Калмырзаев билдирди. Анын айтымында, бүгүн түш ченде Караколдон Жети-Өгүздүн Кабак айылына багыт алган кичи автобуста айдоочу жана 18 жүргүнчү болгон. Кичи автобус райондук Кытай айылы туштан түздөн чыгып, жол боюндагы бакты сүзгөн.

Кырсык болгон учурда 10 адам мүрт кетип, 3 адам кийин ооруканада каза тапты. Учурда 6 адам Караколдогу облустук ооруканага жаткырылды. Алардын ичинен үчөөнүн абалы оор бойдон калууда. Жараат алгандардын ичинде 5 жаштагы кыз бар. Алдын-ала божомолдор боюнча кырсыкка кичи автобустун айдоочусу катуу ылдамдыктан улам унааны башкара албай калганы себеп болушу мүмкүн.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам берилээрин убада кылды. Анын айтымында, берилчү жардамдын өлчөмү учурда такталууда. (BkA\MK)

XS
SM
MD
LG