Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Мун сектасы боюнча иш Жогорку Сотто каралат


Бүгүн Жогорку Сотто Мун сектасынын идеясын жайылтат делип тыюу салынган “Бүткүл дүйнөгө тынчтык үчүн” уюмунун арызы каралат. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Буга чейин бул уюмду Свердлов райондук жана Бишкек шаардык соту өлкө коопсуздугуна коркунуч келтирет деп таап, Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салган. Мындай арыз менен сотко Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кайрылган. Бирок уюм өкүлдөрү кайрымдуулук менен алектенээрин, Мун сектасын жайылтууга тиешеси жоктугун билдирип, өкүмдү жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко доо арыз жолдошкон.

Аталган сектаны жабуу демилгесин буга чейин айрым коомдук уюмдар да көтөрүп чыккан болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG