Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:05

АКШ Сноуден боюнча Орусиядан түшүндүрмө талап кылды


Америка Кошмо Штаттары орус тараптан АКШнын атайын кызматынын мурдагы кызматкери Эдвард Сноудендин макамы боюнча түшүндүрмө талап кылууда. Бул тууралуу шаршембиде билдирген Ак үйдүн өкүлү Жей Карни АКШ дагы деле Сноуденди өлкөгө кайтарууну талап кылып жатканын эске салды.

Акыркы маалыматтар боюнча, Сноуден дагы деле “Шереметьево” аэропортунун транзиттик бөлүмүндө калууда, себеби ал анын башпаанек алуу боюнча арызы каралып жаткандыгы тууралуу маалымдама алган эмес. Бул тууралуу Коомдук палатанын башчысы, адвокат Анатолий Кучерена журналисттерге билдирди. Мындай маалымдама Сноуденге ал башпаанек алгычакты Орусиянын аймагында эркин жүрүүгө мүмкүнчүлүк бермек.

Июндун башында Эдвард Сноуден Американын чалгындоо боюнча электрондук программалары тууралуу маалыматты ачыктаган. Андан соң АКШнын паспортусуз калган Сноуден Гонконгго учкан, ал эми 23-июндан бери Москвадагы “Шереметьево” аэропортунун транзиттик аймагында турат.

XS
SM
MD
LG