Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

Жарандык активисттер химиялык кастрация мыйзамына каршы чыгышты


Мындай кайрылууну президент Алмазбек Атамбаевге аялдардын укугун коргогон бир нече уюмдун башын кошкон “Сообща” кыймылы жолдогон. Алардын жүйөсүндө, бачабаздарды химиялык бычуу көптөгөн каражатты талап кылат. Анын үстүнө анын балдарга зордук-зомбулукту азайтууда канчалык жыйынтык берээри белгисиз. Ошондуктан жарандык коом өкүлдөрү бул мыйзам долбоорун быша элек деп атап, президентти ага кол койбоого үндөшүүдө. Анын ордуна бачабаздардын жаза мөөнөтүн күчөтүүнү сунушташууда.

Жогорку Кеңеш бачабаздарды химиялык кастрациялоо жөнүндө мыйзамды июнь айында кабыл алган.

Мыйзам долбоордун демилгечилеринин билдиришинче, Кыргызстанда соңку эки жылда наристелер сексуалдык зомбулукка кабылган учурлар эки эсе көбөйгөн. Мисалы, 2010-жылы педофилия боюнча 75 факт катталса, 2012-жылы алардын саны 150дөн ашкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG