Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Атамбаев химиялык кастрация жөнүндө мыйзамга кол койгон жок


Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, президент Алмазбек Атамбаев бачабаздарды химиялык кастрация жазасына тартуу тууралуу мыйзамды четке какты. Президент “жазанын бул түрү кылмышты алдын албайт жана жазаны реалдуу күчөтүү болуп эсептелбейт” деп билдирген. Президент жазаны катаалдатуунун башка жолдорун табууну, мисалы, өмүр бою эркинен ажыратууну сунуштаган.

Жарандык активисттер "Химиялык кастрациялоо жөнүндө" мыйзамга каршылыгын билдирип жаткан. Алар да бул ыкма бачабаздарды азайтуу кепилдигин бербесин айтып, жаза түрү чыгымдуу болоорун жүйө келтиришкен.

Жогорку Кеңеш аталган мыйзамды ушул жылдын июнь айында кабыл алган. Мыйзам долбоордун демилгечилери Кыргызстанда соңку эки жылда наристелер сексуалдык зомбулукка кабылган учурлар эки эсе көбөйгөнүн айтышкан. Мисалы, 2010-жылы педофилия боюнча 75 факт катталса, 2012-жылы алардын саны 150дөн ашкан. (AKu)

XS
SM
MD
LG