Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:49

Киев Рус мамлекети тарса динине чокунгандыгынын 1025 жылдыгы белгиленүүдө


Украинада орто кылымдык Киев Рус мамлекетинин тарса - христиан динине чокунгандыгынын 1025 жылдыгы майрамдалууда. Чокунуу бүгүнкү орус, беларус жана украиндердин тарса динине өтүүсүнө негиз салган. Диний-саясий мааракеге катышканы Орусия президенти Владимир Путин атайын жасалгаланган поезд менен бүгүн Киевге келди. Эки күндүк салтанатка Сербиянын жана Молдованын президенттери, ошондой эле дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү христиан-ортодокс чиркөөлөрүнүн башчылары да келди.

Жума күнү Киев соту маараке күндөрү шаарда ар кандай жыйындарды өткөрүүгө тыйуу салды. Ага карабай, украин улутчулдарынын “Эркиндик” партиясынын мүчөлөрү бүгүн таат кылынчу жайдын жанында Орусияга каршы демонстрацияга чыгышты.

XS
SM
MD
LG