Бишкекте эл аралык теннис турнири жыйынтыкталды. Жыйырмадай мамлекет катышкан мелдеште уландар арасындагы байгени кырргызстандык Даулет Жумаев жеңип алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” теннис федерациясынын мүчөсү Таалайбек Дүйшеев билдирди.
Кыздар арасында биринчи орунду орусиялык спортчулар, жуп болуп ойноодо уландардан казакстандыктар жана жуп болуп ойноодо кыздардан биринчиликти орусиялыктар алды.
Эл аралык мелдешке Кыргызстан, Вьетнам, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан, Украина, Орусия, Түркия баштаган жыйырмадай өлкөнүн жаш 80 спортчусу катышты. (КМа)