Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:44

Бишкекте Гейдар Алиев атындагы мектеп курулат


Бишкек шаарында Гейдар Алиев атындагы орто мектеп курулат. Бул планды бүгүн шаар башкармалыгында мэр Иса Өмүркулов Азербайжандын элчиси Гидаят Оруджиев менен талкуулады. Мектепти азери тарап куруп бермей болуп жатат. Жер Бишкектин борбордук бөлүгүнөн берилет. Маркум Гейдар Алиев Азербайжанды 1993-жылдан 2003-жылга чейин башкарып турган. Азыр бийлик башында анын уулу Илхам Алиев. Быйыл күзүндө Азербайжанда президенттик шайлоо өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG